карыш жылба
Апенди кичинесинен эле шум чыгыптыр. Ага өңгөлөр эмес, өз энеси да таң калчу экен. Бир күнү энеси айылчылаганы баратып:
-Каралдым, үйгө сак бол. Эшиктен карыш жылба - дейт. Апенди үй кайтарып, эшиктин алдында отурса, мейман келип калат.
-Силер үйгө кире тургула, мен энеми чакырып келе коёюн - деп, Апенди каалганы кашегинен чыгарып алып, көтөргөн тейден жүгүрүп кетет.
-Э, ботом, бу эмнең?! - дейт энеси уулун көрө сала чочуп
-Каалганы жонуна артып алат деген эмне тамтык! Кокуй...
-Өзүң, эшиктен карыш жылба деп!.. Мына, карыш жылбай эшик менен кошо келдим - дептир анда уулу. Азимбек Матраимов
Кийинки анекдот/апендини оку
Көлгө биз да, ит да киринди. Килем, талпак дагы эмне?Туризм кирешенин булагы деген менен көлгө түшүүдө эң жөнөкөй эрежелерди сактабагандар бар. Килем-паласынан бери жууп, итине чейин киринтип, көлгө самынданып түшкөндөрдүн видео, сүрөттөрү улам жарыяланып жатат. Алардын айрымдарына айып пул да салынды 10.08.2022 : www.bbc.co.uk источник: https://www.bbc.co.uk/kyrgyz/articles/cqlk4qled22o?at_medium=RSS&at_campaign=KARANGA |
Loading...
|
Жарыялар |