Психолог кыз
Жигит бир кафеде отуруп маңдайында отурган кыз менен кантип сүйлөшүүнүн жолдорун ойлонуп жатты. Акыры өзүнө бекем туруп кыздын жанына барып:
- Кечиресиз чоң кыз, сүйлөшүп отурсам болобу? дейт
Кыз катуу кыйкырып:
- Уяты жок десе, мен сен ойлогон кыздардан эмесмин!
Элдин баары жигитке карап, жигит аябай уялып, кызарып ордуна барып отурат.
Бир канча мүнөт өткөн соң, кыз жылмайып жанагы жигиттин жанына келип:
- Кечиресиз, мен психология бөлүмүндө окуйм, адамдардын катуу уялган учурунда кандай мамиле кылуусун изилдеп жаткамын дейт.
Аябай жаны ачышып калган жигит да кыйкырып:
- Эмне, Бир түнгө 1000 долларбы? Сен жиндисинби?
Кийинки анекдот/апендини оку
Арстандардын саны акыркы 20 жылда 43 пайызга кыскардыЖыл сайын 10-август Бүткүл дүйнөлүк арстандардын күнү катары белгиленип, 2014-жылы Эл аралык жаратылышты коргоо союзу (IUCN) тарабынан «Коркунуч алдында турган пародалардын Кызыл тизмесине» киргизилген арстандардын саны азайып баратканына көңүл бурулат. 11.08.2022 : www.trt.net.tr |
Loading...
|
Жарыялар |