Кыбыла кайда?
Айылда ага ини бир тууган балдар бар экен. Аябай шок экен. Бирөөнүн айнеги сынса, бирөөнүн бир нерсеси жоголсо бир туугандарды күнөөлөшөт экен.
Апасы элдердин арыздарына чыдабай, балдарын мечиттин имамына алып барат. Имам биринчи агасынан сурайт экен.
-Кыбыла кайда?
Агасы эч унчукпайт. Имам ачууланып кыйкырып сурайт
-Кыбыла кайда деп жатам!?
Агасы ыйлап качып жөнөйт. Иниси агасынан эмне болду деп сурайт.
Агасы:
- Башыбыз балээде, кыбыла жоголуптур, бизден көрүп жатышат.
Кийинки анекдот/апендини оку
Кытайдагы кургакчылык: Шанхайдагы өчкөн жарык, соолуп калган Янцзы жана жасалма жамгырКытайдын соңку 60 жылдык тарыхындагы эң аптаптуу ысыктын толкуну жана анын кесепетинен Янцзы дарыясы соолуп калды. Бул кытай бийлигин электр энергиясын кайра бөлүштүрүү боюнча катаал чараларды көрүүгө аргасыз кылды. Кээ бир провинцияларда жасалма жамгыр жаашы үчүн булуттар "себилүүдө". 23.08.2022 : www.bbc.co.uk источник: https://www.bbc.co.uk/kyrgyz/articles/c80dzn28n41o?at_medium=RSS&at_campaign=KARANGA |
Loading...
|
Жарыялар |