Психолог кыз
Жигит бир кафеде отуруп маңдайында отурган кыз менен кантип сүйлөшүүнүн жолдорун ойлонуп жатты. Акыры өзүнө бекем туруп кыздын жанына барып:
- Кечиресиз чоң кыз, сүйлөшүп отурсам болобу? дейт
Кыз катуу кыйкырып:
- Уяты жок десе, мен сен ойлогон кыздардан эмесмин!
Элдин баары жигитке карап, жигит аябай уялып, кызарып ордуна барып отурат.
Бир канча мүнөт өткөн соң, кыз жылмайып жанагы жигиттин жанына келип:
- Кечиресиз, мен психология бөлүмүндө окуйм, адамдардын катуу уялган учурунда кандай мамиле кылуусун изилдеп жаткамын дейт.
Аябай жаны ачышып калган жигит да кыйкырып:
- Эмне, Бир түнгө 1000 долларбы? Сен жиндисинби?
Кийинки анекдот/апендини оку
УКМК: Пара талап кылган жетекчи милиционер камакка алындыБишкекте милиция бөлүмүнүн башчысы пара талап кылганы үчүн кармалганын 26-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, милициянын Ленин райондук ички иштер башкармалыгына караштуу шаардык бөлүмдөрүнүн биринин башчысы жергиликтүү тургундардан түшкөн арыз-даттанууларды кароодо коррупциялык схема уюштурган деп шектелүүдө. Шектүүгө карата Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин (“Опузалап пара талап кылуу”)... 26.08.2022 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/32005665.html |
Loading...
|
Жарыялар |