эшек
Апенди досун үйүнө чакырып коюп, унутуп кетип калат.
Досу келсе эч ким жок экен.
Ачуусу келген досу Апендинин дарбазасына чоооо-оң кылып "ЭШЕК" деп жазып кетиптир.
Эртеси базарда экөө жолугуп калышат:
- Апенди, кечээ үйүңө барсам эч ким жок экен, - дейт.
Анда Апенди:
- Билдим сенин келгениңди. Ырас атыңды дарбазама жазып кеткен экенсиң, - деген тура. Азимбек Матраимов
Кийинки анекдот/апендини оку
Кыргызстандын калкы 6 миллион 977 миң адам болдуКыргызстанда калктын саны боюнча маалымат жаңыланды. Улуттук статистика комитети 7-сентябрда билдиргендей, жазында өткөн эл каттоонун баштапкы жыйынтыгы өлкө калкы 6 миллион 977 миң адам экенин аныктады. Эми, 1-августтан тартып кийинки эсептөөлөргө чейин кыргызстандыктардын расмий саны боюнча ушул маалымат айтылып турушу шарт. Өлкөнүн эл жана турак жай фондун каттоонун биринчи этабы 25-марттан 3-апрелге, алыскы тоолуу райондорду камтыган экинчи этабы 23-апрелден 2-майга чейин өткөн.... 08.09.2022 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/32023671.html |
Loading...
|
Жарыялар |