Кыргызча анекдот / апенди:

Диалект
Ош-Бишкек жолунда оштуктар менен таластыктар бир машинада баратып, сөз талашып кетет экен. Бир кезде таластык айтып жатат: "Оштуктар жумуртканы 'тукум' дейсиңер, 'тукум' деген сөз кыргыз тилинде жок, ал өзбек тилинен алынган", - деп, анан тиги оштук: "Тукум' деген сөз кыргыз тилинде бар", - десе тиги таластык: "жо-ок", - деп такыр баш бербей келатканда бир маалда Суусамырдагы Таласка бурулчу жерге токтотуп, оштук айтыптыр: "Тэ-э-этиги Манас Атабыздын эстелигин көрдүңбү? Ошол жерде "Манастын тукумдары" деп жазылып турат, ошону барып, "Манас Атабыздын жумурткалары" деп өзгөртүп кой...", - деген экен.
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD88.6089.50
EUR94.6095.60
RUB0.1400.210
KZT0.94500.9700

обновление 29.04.2024 14:45:13

Тенгиз Бөлтүрүк коррупцияга шек саналып камакка алынды

Башкы прокуратура “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомундагы коррупциялык кылмыштар фактысы боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында мурдагы убактылуу тышкы башкаруучу Тенгиз Бөлтүрүк Аяпберген уулу кармалганын кабарлады. Аны менен кошо жабдуу боюнча адис Айша-Гүл   Фронтбек кызы Жаналиева, каржы башкармалыгынын директору Рыспек Токтогулов кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Буга чейин Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы "Кумтөр...


13.09.2022 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/32031872.html

 
Loading...

Жарыялар