Кыргызча анекдот / апенди:

Карыздан кутулуу
Бир жигит досунан 100 000 сом карызга алат экен, бир жылдан кийин 20 процент кошуп 120 000 сом кылып берем дей экен.
арадан бир жыл өтүптүр, досу жигитке келип сүйүнүп сурат экен,
- Досум арадан бир жыл өттү, эми акчамды проценти менен кошо бер деп
жигит досуна ишинин жакшы болбогондугун айтып 5-6 ай дагы убакыт бер дейт экен
арадан 5-6 ай өтүптүр, досу жигитке келип дагы сурайт экен,
мурунку эле жоопту алыптыр:
- Ишим жүрүшпөй жатат, 5-6 ай дагы убакыт бер, дейт экен
досу:
- Досум процентин албай эле койдум, 100 000 сом алган акчанды эле бер, дептир.
жигит аны да бергенге акчасы болбогондукугун айтып досун 5-6 айдан кийин берейин дейт экен.
арадан дагы 5-6 ай өтүптүр, досу жигитке келип 100 000 сом карызын бер дейт экен, жигит дагы деле ошол эле шылтоону айтып акчам жок иштерим жүрүшпөй жатат дептир, досу карызын толук алалбашын сезип жок дегенде 80 000 сомун алайын деп, досуна:
-мейли, 100 000 сомдун баарын албайын, 80 000 сомун бер анда дептир,
жигит 5-6 айдан кийин келгенде 80 000 сомун берерин айтып жөнөтөт.
5-6 ай өтөт, досу жигитке келип 80 000 сомун бер деп сурайт, мурунку эле шылтоо, акча жок деген, досу жигитке жини келип ар келгенде шылтоо айтып жөнөтө бересинби дептир,
Жигит анда айтыптыр:
- Досум бираз сабыр кылып күтө турчу, акырындык менен карызындан кутулуп жатам го, 120 000 сомдон 80 000 сом калды го - дептир


Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD88.6089.50
EUR94.6095.60
RUB0.9550.975
KZT0.14000.2060

обновление 28.04.2024 01:05:21

Баткенге жардам катары чогултулуп жаткан акча 248 млн. сомдон ашты

Кыргыз-тажик чек арасынагы куралдуу кагылышта жабыркагандарга жардам берүү үчүн ачылган атайын эсепке 248 миллион 566 миң сомдон ашуун каражат чогулду. Бул тууралуу Каржы министрлиги 22-сентябрда билдирди. Расмий маалыматка ылайык, Баткен облусунда калабада жабыркагандар үчүн чогултулуп жаткан акча азырынча сарптала элек. Каргашанын зыянын жоюуга бюджеттен да 497,6 миллион сом бөлүнгөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги баштапкы эсептөөлөргө таянуу менен Баткенде талкаланган үйлөрдүн саны 365...


23.09.2022 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/32047329.html

 
Loading...

Жарыялар