Кыргызча анекдот / апенди:

Аялын тамашалаганда
Бир киши аялын текшерип көрөйүн деп
"мени сүйөт бекен, же сүйбөйт бекен" деп план кылат.
Анан аялы үйдө жокто кат жазып баштайт:
"мен кеттим, сени менен ажырашам, сени менен жашай албайм" деп,
катты бөлмөсүндөгү тумбочканын үстүнө коюп, өзү дивандын астына жашынат.
Жолдошу бул кичинекейлерди оюну экенин түшүнсө да, жубайын текшергиси келет.
"Жубайым менин кеткениме кайгырабы?! деп.
Аялы үйүнө келип, бөлмөсүнө кирип катты алып окуйт.
Анан калем сапты алып, жанагы катка бираз жазат.
Аял телефонду алып:
-Алло,жаным кандайсың?, элестет жолдошум өзү эле кетип калыптыр,
эмнеге ушуга турмушка чыкканыма өзүм да түшүнбөйм, эми мунун баары артта, эми сен барсын!
Азыр барып калам, жолугабыз, деп сүйлөшөт!
Шкафты ачып сонун кийимдерин кийип, бийлеп үйдөн чыгып кетет!
Аялы кеткенден кийин, жолдошу ыйлап дивандын астынан чыгып, ачуусу келип, шайы кетип, эмне кылаарын билбей,
катты алып окуйт. Катка аялы минтип жазган болот:
- Жаным мен сенден башка эч кимди сүйгөн эмесмин, сүйбөйм дагы, Сени сүйөм ошол үчүн сага турмушка чыккам.
ДИВАНДЫН АСТЫНАН БУТУН КӨРҮНүП ТУРАТ, чык! МЕН ДҮКӨНГӨ НАНГА КЕТТИМ, азыр келем ТАМАКТАНАБЫЗ! деп жазган болот!
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD88.6089.50
EUR94.7095.70
RUB0.9550.975
KZT0.13900.2050

обновление 28.04.2024 04:50:08

Армения менен Азербайжандын чек арасында кайрадан ок атышуу катталды

Армениянын жана Азербайжандын бийлиги бири-бирин ок атышуу режимин бузууга айыптады. Эки өлкөнүн Коргоо министрликтери чек арада окту биринчи каршылашкан тарап чыгарды деп билдирди. Атышууда Армения тараптан бир аскер жаракат алганы айтылды. Армения өткөн жумадагы чек арадагы кагылышууда 207 киши курман болгонун же дайынсыз жоголгонун билдирди. Алардын арасында эки карапайым тургун бар экени маалымдалды. Андан тышкары 300дөй аскер жана бир нече жайкын тургун жарадар болгону, 20дай аскер...


23.09.2022 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/32047755.html

 
Loading...

Жарыялар