Туулган күнүң менен
Жигит түн жарымында, аябай таттуу уктап жатканда бирөө телефон чалып, уйкусун бузат. Жигит уйкусунун бузулганына аябай ачууланып телефонун караса, апасы чалып жаткан болот. Апасына жини келип кыйкырып:
-Эрте менен деле чалсаң болот эле го, түн жарымында уйкуну бузбай, дейт.
Анда апасы капа болгон, мунайыңкы үнү менен:
-Уулум, мындан толук 18 жыл мурун, түн ортосунда, так ушул мүнөттө, сен да менин уйкуму бузуп дүйнөгө келгенсин, туулган күнүң менен, деп телефонун өчүрүп коет.
Энелерди барктай билели, сыйлай билели.
Эгер сиз бул окуяны окуган болсоңуз, апакеңиздин бетинен өөп көңүлүн алып коюңуз,
урматтуу Изде.КГ сайтынын окурманы
Кийинки анекдот/апендини оку
Дүйнөлүк банк суу каптоодон жапа чеккен Пакистанга 2 млрд. доллар бөлөтДүйнөлүк банк быйыл жаан-чачын менен суу ташкындан олуттуу жапа чеккен Пакистанга эки миллиард доллар бөлүүнү убада кылды. Нөшөрлөп төккөн жаандын айынан өлкөнүн көпчүлүк аймактарын суу каптап, 1600 кишинин өмүрү кыйылды. Исламабаддын суу тартылгандан кийин жабырлануучуларга жардам берүүгө чама-чаркы жетпей калды. 24-сентябрда Дүйнөлүк банктын Түштүк Азия боюнча вице-президенти Мартин Райзер Пакистанга барып келгенден кийин эл аралык каржылык уюм буга чейин шашылыш бөлгөн 850 миллион... 25.09.2022 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/32051305.html |
Loading...
|
Жарыялар |