Кыргызча анекдот / апенди:

Бактылуулуктун сыры
Бактылуулуктун сыры

Кичинекей бала үйүндөгү мындай нерсени байкаптыр. Атасын деле апасы башкарат, байкесин караса, байкесин де жеңеси башкарат, туугандарын караса бүт баары эле аялдар башкарат экен. Жалгыз кана чоң атасы чоң энесин башкарат экен.
Бир күнү кичинекей бала келип чоң атасынан сурайт:
- Чоң энем кандай болуп сиздин айткандарыңыздан чыкпай калган?
Чоң атасы болгон окуяны айтып берет экен.
Мен чоң энең менен үйлөнгөндө, айылына барып жүктөрүн ат арабага жүктөп келе жатканда ат мүдүрүлүп кетти.
- Бул бир! деп коюп жолубузга уланттык.
Бара жатканда ат дагы мүдүрүлүп кетти.
- Бул эки! деп жолубузга уланттык
Үчүнчү жолу мүдүрүлүп кетти эле, арабадан түшө калып атты муздап койдум дейт. Ошол кезде чоң энең кыйкырып жиндене баштады
- Бул эмне кылганың, жүктөрдү кантип алып кетебиз, деп
Ошондо
-Бул бир деп айткам, ошондон бери бактылуу жашап келе жатабыз,
Чоң энең бул эки деп айттырбай калган дейт экен

Арадан жылдар өтүп, жанагы кичинекей бала үйлөнөт экен,
Келинчеги кир жууп жаатканда алдынан бир мышык өтө берет экен.
Үйлөнгөн жигит бул бир дейт экен. Мышык дагы өтөт экен, жигит бул эки дейт экен. Мышык үчүнчү жолу өткөндө, бул үч деп туруп мышыкты кармап алып жерге бир чаап өлтүрүп коюп келинчегине карайт экен.
анда келинчеги:
- Мага бул приемун өтпөйт, бул окуяны мен да билем, дейт экен

Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD88.6089.40
EUR94.7095.70
RUB0.9500.975
KZT0.14000.2050

обновление 06.05.2024 10:50:17

Евробиримдик Кремлге жалган референдумдар үчүн санкция салат

Еврокомиссиянын президенти Урсула фон дер Ляйен Орусия Украинанын төрт облусунда өткөргөн, эл аралык коомчулук тааныбаган референдумдарды өткөргөнү үчүн Москвага санкция салууну сунуштады. Ал 28-сентябрда билдиргендей, жаңы санкциялар Украинадагы согушту жалган референдумдар аркылуу күчөткөнү үчүн Кремлге кымбатка турат. "Биз эч качан жасалма референдумдарды, Украинанын аймактарынын аннексияланышын кабыл албайбыз жана кырдаалды чыңалтканы үчүн Кремлге жогору баа төлөтөбүз", -...


28.09.2022 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/32056354.html

 
Loading...

Жарыялар