Кыргызча анекдот / апенди:

Жума хутбасы
Имам жума хутбасында жамаатка кайрылып арак ичкендерди жемелеп жатты.
-Акчаңарды көчөгө чачасынар!
Пайда көргөн ким? арак сатуучу
Эң чоң дүкөн кимдики? арак сатуучунуку
Эң сонун үй кимдики? арак сатуучунуку
Эң сонун машине кимдики? арак сатуучунуку
Бул акчаны берген ким? Силерге окшогон акылсыздар!
Арадан эки жума өтүп, бир адам имамга келип, кучактап ыраазычылыгын билдирет
- Сиздин жума хутбасында айткан насаатыныз менен жашоом оңолду.
Имам өзүнчө ыраазы,
- Азаматсың, аракты таштагандын жакшылыгын акыретте да көрөсүң.
Адам имамды токтото калып:
- Мен аракты таштаган жокмун, Арак саткан дүкөн ачтым, дептир
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD82.0083.00
EUR83.0084.00
RUB1.3201.400
KZT0.10000.2000

обновление 14.07.2022 13:22:26

Камила Талиева: Баткенде эл президенттин келишин күтүп жатат

Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева парламенттин 5-октябрдагы жыйынында Баткенде чек арадагы куралдуу кол салуудан кийинки абалга байланыштуу маселе көтөрдү. Ал жаңжалдан жабыркаган Лейлектин Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн жаштары президентке кайрылганын, жергиликтүү тургундар Садыр Жапаровдун келишин күтүп жатканын билдирди. "Жаңы-Жер айыл өкмөтүндө жашаган элдин 70% көчүп кетип калды. Мектептерде ар бир класста 5-6дан гана окуучу калды. Мисалы Арка айылында жалаң гана эркектер калды....


05.10.2022 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/32065955.html

 
Loading...

Жарыялар