Кыргызча анекдот / апенди:

Психолог кыз
Жигит бир кафеде отуруп маңдайында отурган кыз менен кантип сүйлөшүүнүн жолдорун ойлонуп жатты. Акыры өзүнө бекем туруп кыздын жанына барып:
- Кечиресиз чоң кыз, сүйлөшүп отурсам болобу? дейт
Кыз катуу кыйкырып:
- Уяты жок десе, мен сен ойлогон кыздардан эмесмин!
Элдин баары жигитке карап, жигит аябай уялып, кызарып ордуна барып отурат.
Бир канча мүнөт өткөн соң, кыз жылмайып жанагы жигиттин жанына келип:
- Кечиресиз, мен психология бөлүмүндө окуйм, адамдардын катуу уялган учурунда кандай мамиле кылуусун изилдеп жаткамын дейт.
Аябай жаны ачышып калган жигит да кыйкырып:
- Эмне, Бир түнгө 1000 долларбы? Сен жиндисинби?
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD88.6089.40
EUR94.5095.50
RUB0.9450.970
KZT0.14000.2050

обновление 28.04.2024 23:05:16

Кайырчылыкты “бизнеске” айланткан шылуундар

Ушул жылдын август айында омуртка булчуңдарынын атрофиясына чалдыккан кичинекей Аруузат Ташматова көптөн бери күтүп жаткан “Золгенсма” уколун алды. Бир дозадан турган бул дарынын баасы 2 млн 300 миң долларды түзгөн - Аруузатты сактап калуу үчүн каражат чогултуу дээрлик бир жарым жылга созулган. Бирок акча чогултуунун жүрүшүндө Аруузаттын атын сатып, акча жасаган шылуундар дагы көп болду.


07.10.2022 : www.bbc.co.uk

источник: https://www.bbc.co.uk/kyrgyz/articles/c51l5r5d0deo?at_medium=RSS&at_campaign=KARANGA

 
Loading...

Жарыялар