Кыргызча анекдот / апенди:

Психолог кыз
Жигит бир кафеде отуруп маңдайында отурган кыз менен кантип сүйлөшүүнүн жолдорун ойлонуп жатты. Акыры өзүнө бекем туруп кыздын жанына барып:
- Кечиресиз чоң кыз, сүйлөшүп отурсам болобу? дейт
Кыз катуу кыйкырып:
- Уяты жок десе, мен сен ойлогон кыздардан эмесмин!
Элдин баары жигитке карап, жигит аябай уялып, кызарып ордуна барып отурат.
Бир канча мүнөт өткөн соң, кыз жылмайып жанагы жигиттин жанына келип:
- Кечиресиз, мен психология бөлүмүндө окуйм, адамдардын катуу уялган учурунда кандай мамиле кылуусун изилдеп жаткамын дейт.
Аябай жаны ачышып калган жигит да кыйкырып:
- Эмне, Бир түнгө 1000 долларбы? Сен жиндисинби?
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD88.6089.30
EUR94.8095.50
RUB0.9550.965
KZT0.14010.2050

обновление 28.04.2024 15:20:15

Сузак: селден жабыркаган сегиз үй-бүлөгө жаңы турак жай курулду

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда селден жабыркаган сегиз үй-бүлөгө  жаңы салынган үйлөрдүн ачкычтары берилди.   Кара-Дарыя айыл аймагынын Чаңгыр-Таш айылынын тургундарынын турак жайлары былтыр селден жабыркап, жараксыз болуп калган. Алардын ичинде үй курууга чамасы жетпеген сегиз үй-бүлө бир жылдан бери вагондо жашап келишкен.   Аларга жер тилке бөлүнүп, үй куруу үчүн мамлекет 5,6 млн. сом берген.  Облустук бийликтин маалыматына караганда, аймактагы мекеме-ишканалардын кызматкерлеринин...


17.10.2022 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/32085559.html

 
Loading...

Жарыялар