Кыргызча анекдот / апенди:

Психолог кыз
Жигит бир кафеде отуруп маңдайында отурган кыз менен кантип сүйлөшүүнүн жолдорун ойлонуп жатты. Акыры өзүнө бекем туруп кыздын жанына барып:
- Кечиресиз чоң кыз, сүйлөшүп отурсам болобу? дейт
Кыз катуу кыйкырып:
- Уяты жок десе, мен сен ойлогон кыздардан эмесмин!
Элдин баары жигитке карап, жигит аябай уялып, кызарып ордуна барып отурат.
Бир канча мүнөт өткөн соң, кыз жылмайып жанагы жигиттин жанына келип:
- Кечиресиз, мен психология бөлүмүндө окуйм, адамдардын катуу уялган учурунда кандай мамиле кылуусун изилдеп жаткамын дейт.
Аябай жаны ачышып калган жигит да кыйкырып:
- Эмне, Бир түнгө 1000 долларбы? Сен жиндисинби?
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD88.8089.30
EUR94.5095.50
RUB0.9450.970
KZT0.13900.2050

обновление 29.04.2024 19:30:11

Ракеталык соккулардан Украинанын бир нече аймагы жарыксыз калды

Ишембиде эртең менен Украинанын бир катар аймагы ракеталык соккуларга кабылды. Украина президенттинин кеңсе башчысы Андрей Ермак жарандык инфратүзүмдөр бутага алынганын билдирди. Орус күчтөрү бул жолу да кайрадан энергетикалык обьектилерге сокку урган. Украинанын батышындагы бир катар шаарларда жарык өчүп, суу жана байланыш үзгүлтүккө учурап жатат. Жараат алгандар жөнүндө азырынча маалымат жок. Социалдык тармактарда жарыяланган видео-фотолордо Ровно шаарында кара түтүн чыгып жатканын...


22.10.2022 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/32095791.html

 
Loading...

Жарыялар