карыш жылба
Апенди кичинесинен эле шум чыгыптыр. Ага өңгөлөр эмес, өз энеси да таң калчу экен. Бир күнү энеси айылчылаганы баратып:
-Каралдым, үйгө сак бол. Эшиктен карыш жылба - дейт. Апенди үй кайтарып, эшиктин алдында отурса, мейман келип калат.
-Силер үйгө кире тургула, мен энеми чакырып келе коёюн - деп, Апенди каалганы кашегинен чыгарып алып, көтөргөн тейден жүгүрүп кетет.
-Э, ботом, бу эмнең?! - дейт энеси уулун көрө сала чочуп
-Каалганы жонуна артып алат деген эмне тамтык! Кокуй...
-Өзүң, эшиктен карыш жылба деп!.. Мына, карыш жылбай эшик менен кошо келдим - дептир анда уулу. Азимбек Матраимов
Кийинки анекдот/апендини оку
Чек ара: дүрбөткөн маалыматтар, кезектеги жолугушууКыргызстан менен Тажикстандын чек ара башчылары жана эки өлкөнүн чектеш облустарынын жетекчилери жолугушту. Жыйында чагымчылдыкка жана туура эмес маалыматтардын тарашына жол бербөөнү талкуулашканы кабарланды. 21-октябрда өткөн жолугушууга чейин эки мамлекеттин чек ара кызматтары бири-бирин чагымга айыптаган эле. Жолугушуу Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара кызматынын башчылары Уларбек Шаршеев менен Ражабали Рахмоналинин жетекчилиги астында өттү. Анда тараптар чек арадагы чагымчыл... 22.10.2022 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/chek-ara-durbotkon-maalymattar-kezektegi-jolugushuu-/32095958.html |
Loading...
|
Жарыялар |