Кыргызча анекдот / апенди:

Адвокат
Касап адвокатка келиптир:
- Билесизби, бир ит менин сатып жаткан эттериме тийип, эттерди арам кылып койду. Аларды эми сата албайм. Эмне кылсам болот?
- Ал иттин ээсин билесизби?
- Ооба.
- Анда бул оңой эле иш: иттин ээсин сотко бересиз, саталбай калган этиңиздин акчасын андан алып алышыңыз мүмкүн... Иттин ээси ким?
- Ал сиздин итиңиз болчу...
- Аа, ошондойбу?.. Канча акчалык этти сата албай калдыңыз?
- 3 кг. 450 сом болот...
- Менин адвокаттык иш акым болсо 900 сом болот... Сиз мага 450 берсеңиз, эсеп туура болот да, ее?

Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD88.6089.30
EUR94.4095.40
RUB0.9550.970
KZT0.14000.2050

обновление 27.04.2024 13:50:16

Төрт өлкө БУУну Орусиянын иран дрондорун колдонгонун иликтөөгө чакырды

Германия, АКШ, Британия жана Франция Бириккен Улуттар Уюмун (БУУ) Украинадагы согушта Орусия иран дрондорун колдонуп жатканын иликтөөгө алууну чакырды. Төрт мамлекет Иран Орусияга дрон жеткирүү менен өзөктүк курал программасы боюнча кабыл алынган БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясын бузду деп эсептешет. DW басылмасы Берлин, Париж жана Лондон БУУга кат жөнөтүп, анда Орусия иран дрондору менен жарандык инфратүзүмдөрдү жана Украинанын шаарларын аткылап, бейкүнөө жай тургундар ажал таап...


22.10.2022 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/32096051.html

 
Loading...

Жарыялар