Кыргызча анекдот / апенди:

Жума хутбасы
Имам жума хутбасында жамаатка кайрылып арак ичкендерди жемелеп жатты.
-Акчаңарды көчөгө чачасынар!
Пайда көргөн ким? арак сатуучу
Эң чоң дүкөн кимдики? арак сатуучунуку
Эң сонун үй кимдики? арак сатуучунуку
Эң сонун машине кимдики? арак сатуучунуку
Бул акчаны берген ким? Силерге окшогон акылсыздар!
Арадан эки жума өтүп, бир адам имамга келип, кучактап ыраазычылыгын билдирет
- Сиздин жума хутбасында айткан насаатыныз менен жашоом оңолду.
Имам өзүнчө ыраазы,
- Азаматсың, аракты таштагандын жакшылыгын акыретте да көрөсүң.
Адам имамды токтото калып:
- Мен аракты таштаган жокмун, Арак саткан дүкөн ачтым, дептир
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD88.6089.30
EUR94.8095.50
RUB0.9450.965
KZT0.14010.2050

обновление 28.04.2024 09:20:20

Кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу документ парламентке келип түштү

Кыргыз-өзбек чек арасынын талаштуу участоктору боюнча макулдашуу парламентке келип түшкөнүн Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев жана Нуржигит Кадырбеков "Азаттыкка" ырасташты. Документ келерки аптада парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинде каралып, андан кийин жалпы жыйынга алып чыгылары болжолдонууда. Президенттин жана Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан бул тууралуу маалымат алууга мүмкүн болгон жок. Өзбекстандын тышкы иштер...


12.11.2022 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/32127671.html

 
Loading...

Жарыялар