Кыргызча анекдот / апенди:

Бактылуулуктун сыры
Бактылуулуктун сыры

Кичинекей бала үйүндөгү мындай нерсени байкаптыр. Атасын деле апасы башкарат, байкесин караса, байкесин де жеңеси башкарат, туугандарын караса бүт баары эле аялдар башкарат экен. Жалгыз кана чоң атасы чоң энесин башкарат экен.
Бир күнү кичинекей бала келип чоң атасынан сурайт:
- Чоң энем кандай болуп сиздин айткандарыңыздан чыкпай калган?
Чоң атасы болгон окуяны айтып берет экен.
Мен чоң энең менен үйлөнгөндө, айылына барып жүктөрүн ат арабага жүктөп келе жатканда ат мүдүрүлүп кетти.
- Бул бир! деп коюп жолубузга уланттык.
Бара жатканда ат дагы мүдүрүлүп кетти.
- Бул эки! деп жолубузга уланттык
Үчүнчү жолу мүдүрүлүп кетти эле, арабадан түшө калып атты муздап койдум дейт. Ошол кезде чоң энең кыйкырып жиндене баштады
- Бул эмне кылганың, жүктөрдү кантип алып кетебиз, деп
Ошондо
-Бул бир деп айткам, ошондон бери бактылуу жашап келе жатабыз,
Чоң энең бул эки деп айттырбай калган дейт экен

Арадан жылдар өтүп, жанагы кичинекей бала үйлөнөт экен,
Келинчеги кир жууп жаатканда алдынан бир мышык өтө берет экен.
Үйлөнгөн жигит бул бир дейт экен. Мышык дагы өтөт экен, жигит бул эки дейт экен. Мышык үчүнчү жолу өткөндө, бул үч деп туруп мышыкты кармап алып жерге бир чаап өлтүрүп коюп келинчегине карайт экен.
анда келинчеги:
- Мага бул приемун өтпөйт, бул окуяны мен да билем, дейт экен

Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD88.6089.50
EUR94.6095.60
RUB0.9450.975
KZT0.14000.2060

обновление 03.05.2024 15:00:17

Британ бийлиги Украинага кезектеги жардам берерин жарыялады

Британия Украинага 125 зениттик аткыч, ондогон радар жана дрондорго каршы электрондук жабдыктарды берет. Бул тууралуу британ премьер-министри Риши Сунактын Киевге алгачкы сапарынан соң жарыяланды. Маалыматка ылайык, британ тарап 50 миллион фунтка бааланган абадан коргонуу жабдыктарын да убада кылган. Өткөн айда ишке кирген Риши Сунак Киевге 19-ноябрда барган. Ал украин президенти Владимир Зеленский менен жолугуп, учурдагы кырдаалды жана согуш аяктагандан кийинки «Украинаны калыбына келтирүү...


20.11.2022 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/32138811.html

 
Loading...

Жарыялар