Кыргызча анекдот / апенди:

апенди

Апендинин барбаган жери, кылбаган иши жок эмеспи. Анын сыңарындай апенди АКШда МАИде иштеп калат экен. Кечке турса да эч кимге штраф жаза албайт дейт. Иш убактысы бүтүп, эми кетейин деп жатса, жолдон велик минген бирөө баратыптыр.Апенди аны токтотуп: "Сага штраф жазам" десе, тиги: "Жок, мага штраф жаза албайсың. Себеби, мен попмун.Бир далымда Мариям эне, бир далымда Иса ата бар" дептир. Анда апенди: "Омееей, жол эрежесин даана силер бузган турбайсыңарбы. Беш жүз доллар штраф жазам. Себеби, бир великке үчөөңөр минип алыпсыңар" деген экен.адыл
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD88.6089.50
EUR94.9095.90
RUB0.1380.205
KZT0.94500.9850

обновление 27.04.2024 22:05:20

Футбол: Роналдунун курулай кубанычы. Гол башканыкы болуп чыкты

Футбол боюнча Дүйнө чемпионатынын тайпалык оюндарынын экинчи айлампасы жыйынтыкталды. “G” жана “H” тайпаларынын оюну болуп, Бразилия алдын ала тайпадан чыккан командалардын катарына кошулса, Түштүк Корея африкалык команда Ганага утулуп өздөрү эсепке ишенбей эси ооп турат, ал эми Камерун – Сербия оюнунда голдор мөндүрдөй эле жаады. Чирки-и-ин бирде туруп ондон тебет, бирде туруп солдон тебет. Кайып-кайып өтүп жатты тим эле.


29.11.2022 : www.bbc.co.uk

источник: https://www.bbc.co.uk/kyrgyz/articles/cn0zd7glm6lo?at_medium=RSS&at_campaign=KARANGA

 
Loading...

Жарыялар