Кыргызча анекдот / апенди:

Бир купеде
Бир аскер, командири, кемпир жана кыз поездде бир купеде саякаттап калышат.
Поезд тунелге кирип купенин ичи карангы болуп калат.
бир убакта ММММАХ деп өбүшкөн үн чыгат, андан кийин ШАПАААК деп шапалак менен урулган үн чыгат.
Тунелден чыккандан кийин кемпир:
- Кыз азамат экен, тарс эткирип шапалак менен бир чапты, деп ойлонот.
Кыз болсо:
- Ушул кемпирдин эмнесин өбөт десен, чон эне да жакшы кылды бир чаап, деп ойлойт.
Командир болсо:
- Блин... аскер кызды өптү, шапалак да бизге тийди, деп жини келип ойлойт.
Аскер да:
- Ха ха, мен азаматмын, колумду өбүп, командирди кандай сонун урдум
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD82.0083.00
EUR83.0084.00
RUB1.3201.400
KZT0.10000.2000

обновление 14.07.2022 13:22:26

Шинжаңда калың карда мал кырылды

Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунда соңку бир нече күндөн бери калың кар жаап, мал-жан кырылып жатканы тууралуу видеолор соцтармактарда байма-бай тарап жатат. Айрым шинжаңдыктар малын талаа-түздө таштап кетүүгө аргасыз болуп жатканын айтышууда. Видеолордон жол жээгинде кырылып жаткан койлорду, карга көмүлгөн төөнү көрүүгө болот. "Азаттыктын" казак кызматынын тасмасы.


29.11.2022 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/32153592.html

 
Loading...

Жарыялар