Кыргызча анекдот / апенди:

Диалект
Ош-Бишкек жолунда оштуктар менен таластыктар бир машинада баратып, сөз талашып кетет экен. Бир кезде таластык айтып жатат: "Оштуктар жумуртканы 'тукум' дейсиңер, 'тукум' деген сөз кыргыз тилинде жок, ал өзбек тилинен алынган", - деп, анан тиги оштук: "Тукум' деген сөз кыргыз тилинде бар", - десе тиги таластык: "жо-ок", - деп такыр баш бербей келатканда бир маалда Суусамырдагы Таласка бурулчу жерге токтотуп, оштук айтыптыр: "Тэ-э-этиги Манас Атабыздын эстелигин көрдүңбү? Ошол жерде "Манастын тукумдары" деп жазылып турат, ошону барып, "Манас Атабыздын жумурткалары" деп өзгөртүп кой...", - деген экен.
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD88.6089.50
EUR94.9095.90
RUB0.1380.205
KZT0.94500.9850

обновление 29.04.2024 06:35:19

Германияда үй-жайсыздардын саны 263 миңге жетти

Үй - жайсыздардын 63 пайызын эркек, 35 пайызын аялдар түзгөн отчетто орточо жаш 44 деп белгиленди.


10.12.2022 : www.trt.net.tr

источник: http://www.trt.net.tr/kyrgyz/duino/2022/12/10/giermaniiada-ui-zhaisyzdardyn-sany-263-min-ghie-zhietti-1917279

 
Loading...

Жарыялар