Адвокат
Касап адвокатка келиптир:
- Билесизби, бир ит менин сатып жаткан эттериме тийип, эттерди арам кылып койду. Аларды эми сата албайм. Эмне кылсам болот?
- Ал иттин ээсин билесизби?
- Ооба.
- Анда бул оңой эле иш: иттин ээсин сотко бересиз, саталбай калган этиңиздин акчасын андан алып алышыңыз мүмкүн... Иттин ээси ким?
- Ал сиздин итиңиз болчу...
- Аа, ошондойбу?.. Канча акчалык этти сата албай калдыңыз?
- 3 кг. 450 сом болот...
- Менин адвокаттык иш акым болсо 900 сом болот... Сиз мага 450 берсеңиз, эсеп туура болот да, ее?
Кийинки анекдот/апендини оку
Киев Щербакованы мыкты спортчу наамына талапкерлердин тизмесинен чыгарууну талап кылдыУкраинанын көркөм муз тебүү боюнча федерациясы орусиялык спортчу Анна Щербакованы «Жылдын эң баалуу спортчусу» наамына талапкерлердин катарынан чыгарууну талап кылды. Коньки тебүүчүлөрдүн эл аралык биримдиги сыйлыкты жыл сайын тапшырат. Олимпиада чемпиону Щербакова тизмеде камтылган жападан жалгыз орусиялык талапкер. Андан тышкары жапониялык Каори Сакамото, Юма Кагияма, Шома Уно жана Рику Миура менен Рюити Кихара, Олимпиаданын жеңүүчүлөрү, америкалык Нейтан Чен, кытайлык жуп Суй Вэньцзин... 26.12.2022 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/32194292.html |
Loading...
|
Жарыялар |