Кыргызча анекдот / апенди:

карыш жылба
Апенди кичинесинен эле шум чыгыптыр. Ага өңгөлөр эмес, өз энеси да таң калчу экен. Бир күнү энеси айылчылаганы баратып:
-Каралдым, үйгө сак бол. Эшиктен карыш жылба - дейт. Апенди үй кайтарып, эшиктин алдында отурса, мейман келип калат.
-Силер үйгө кире тургула, мен энеми чакырып келе коёюн - деп, Апенди каалганы кашегинен чыгарып алып, көтөргөн тейден жүгүрүп кетет.
-Э, ботом, бу эмнең?! - дейт энеси уулун көрө сала чочуп
-Каалганы жонуна артып алат деген эмне тамтык! Кокуй...
-Өзүң, эшиктен карыш жылба деп!.. Мына, карыш жылбай эшик менен кошо келдим - дептир анда уулу. Азимбек Матраимов
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD88.6088.86
EUR95.0096.00
RUB0.9400.975
KZT0.13000.2100

обновление 27.04.2024 15:50:17

Депутат өлкөгө рубль ташылып келип, доллар мүшөктөп чыгып жатканын айтты

Чайкоочулар Кыргызстандан долларды көп өлчөмдө чыгарып кетип жатышканын бүгүн 29-декабрда Жогорку Кеңеште банктардын ишмердүүлүгүнө байланыштуу маселе каралып жатканда депутат Коргонбай уулу Жусупбек билдирди. Ал Улуттук банктын жетекчилигине кайрылып, буга каршы чара көрүүгө чакырды: “Аэропортто чемодан менен рубль алып келип, долларды алып кетип жатышат спекулянттар Түркияга, Москвага, Кытайга жана башка мамлекеттерге. Накталай түрдө чемодан, мүшөк менен… Доллардын таңкыстыгы, курстун...


29.12.2022 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/32198582.html

 
Loading...

Жарыялар