Кыргызча анекдот / апенди:

Диалект
Ош-Бишкек жолунда оштуктар менен таластыктар бир машинада баратып, сөз талашып кетет экен. Бир кезде таластык айтып жатат: "Оштуктар жумуртканы 'тукум' дейсиңер, 'тукум' деген сөз кыргыз тилинде жок, ал өзбек тилинен алынган", - деп, анан тиги оштук: "Тукум' деген сөз кыргыз тилинде бар", - десе тиги таластык: "жо-ок", - деп такыр баш бербей келатканда бир маалда Суусамырдагы Таласка бурулчу жерге токтотуп, оштук айтыптыр: "Тэ-э-этиги Манас Атабыздын эстелигин көрдүңбү? Ошол жерде "Манастын тукумдары" деп жазылып турат, ошону барып, "Манас Атабыздын жумурткалары" деп өзгөртүп кой...", - деген экен.
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD88.7089.50
EUR95.1096.10
RUB0.9500.975
KZT0.12500.2060

обновление 06.05.2024 11:20:12

Босния - Герцеговинадагы издөө иштерине АФАД да жардам берүүдө

АФАДдын социалдык медиа эсебинен берилген маалыматта : «Сава дарыясында агып кеткен 5 жараныбызды издөө иштерине катышуу үчүн Босния - Герцеговинадабыз»,-деп айтылды.


31.12.2022 : www.trt.net.tr

источник: http://www.trt.net.tr/kyrgyz/turkiia-1/2022/12/31/bosniia-giertsieghovinadaghy-izdoo-ishtierinie-afad-da-zhardam-bieruudo-1926081

 
Loading...

Жарыялар