Кыргызча анекдот / апенди:

Туулган күнүң менен
Жигит түн жарымында, аябай таттуу уктап жатканда бирөө телефон чалып, уйкусун бузат. Жигит уйкусунун бузулганына аябай ачууланып телефонун караса, апасы чалып жаткан болот. Апасына жини келип кыйкырып:
-Эрте менен деле чалсаң болот эле го, түн жарымында уйкуну бузбай, дейт.
Анда апасы капа болгон, мунайыңкы үнү менен:
-Уулум, мындан толук 18 жыл мурун, түн ортосунда, так ушул мүнөттө, сен да менин уйкуму бузуп дүйнөгө келгенсин, туулган күнүң менен, деп телефонун өчүрүп коет.

Энелерди барктай билели, сыйлай билели.
Эгер сиз бул окуяны окуган болсоңуз, апакеңиздин бетинен өөп көңүлүн алып коюңуз,
урматтуу Изде.КГ сайтынын окурманы


Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD88.6088.86
EUR95.0096.00
RUB0.9400.975
KZT0.13000.2100

обновление 27.04.2024 11:20:17

Кыргыз жаштары дүйнөнү көргүсү келет

Кыргызстандагы жаштардын дээрлик 90% чет өлкөгө барып иштеп же билим алууну каалайт. Акыркы жылдары жаштардын коомдук-саясий окуяларга катышуусу төмөндөгөн жана ишкерликке мамлекет көмөк көрсөтпөйт деп эсептешет.  Бул анализдер Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Кыргызстандагы жаштардын өнүгүшү тууралуу жасалган сурамжылоосунун жыйынтыгында айтылат. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин сунушу менен жүргүзүлгөн бул сурамжылоого Кыргызстандын бардык аймактарынан 14-28...


06.01.2023 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/kyrgyz-jashtary-duynoenu-korgusu-kelet/32212233.html

 
Loading...

Жарыялар