апенди
Апендинин барбаган жери, кылбаган иши жок эмеспи. Анын сыңарындай апенди АКШда МАИде иштеп калат экен. Кечке турса да эч кимге штраф жаза албайт дейт. Иш убактысы бүтүп, эми кетейин деп жатса, жолдон велик минген бирөө баратыптыр.Апенди аны токтотуп: "Сага штраф жазам" десе, тиги: "Жок, мага штраф жаза албайсың. Себеби, мен попмун.Бир далымда Мариям эне, бир далымда Иса ата бар" дептир. Анда апенди: "Омееей, жол эрежесин даана силер бузган турбайсыңарбы. Беш жүз доллар штраф жазам. Себеби, бир великке үчөөңөр минип алыпсыңар" деген экен.адыл
Кийинки анекдот/апендини оку
COVID-19: Кытайда катуу чараларды сындаган аккаунттар жабылдыКытайда социалык тармактарда бийликтин COVID-19га каршы ишин сындаган миңден көп кишинин аккаунту жабылып калды. Кытай бийлиги эпидемия башталгандан бери уланып келаткан чектөөлөрдү четинен ала баштады. 8-январдан тарта Бээжин чет өлкөгө чыгууну каалаган же өлкө ичинде саякатка чыккысы келген жарандарына, чет элдиктерге карата катаал чектөөлөрүн жокко чыгарат. Кытайдагы Sina Weibo социалдык тармагы платформаны колдонуу эрежеси бузулганы тууралуу 13 миңдей учурду каттаганын билдирди.... 08.01.2023 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/32214106.html |
Loading...
|
Жарыялар |