Кыргызча анекдот / апенди:

Диалект
Ош-Бишкек жолунда оштуктар менен таластыктар бир машинада баратып, сөз талашып кетет экен. Бир кезде таластык айтып жатат: "Оштуктар жумуртканы 'тукум' дейсиңер, 'тукум' деген сөз кыргыз тилинде жок, ал өзбек тилинен алынган", - деп, анан тиги оштук: "Тукум' деген сөз кыргыз тилинде бар", - десе тиги таластык: "жо-ок", - деп такыр баш бербей келатканда бир маалда Суусамырдагы Таласка бурулчу жерге токтотуп, оштук айтыптыр: "Тэ-э-этиги Манас Атабыздын эстелигин көрдүңбү? Ошол жерде "Манастын тукумдары" деп жазылып турат, ошону барып, "Манас Атабыздын жумурткалары" деп өзгөртүп кой...", - деген экен.
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD88.7089.30
EUR94.6095.60
RUB0.9500.980
KZT0.13000.2050

обновление 29.04.2024 04:05:13

"Камбар-Ата-1": Көйгөйү көп долбоордун багы ачылабы?

Кыргызстан коңшулары Казакстан жана Өзбекстан менен бирге "Камбар-Ата-1" ГЭСин куруунун жол картасын иштеп чыгуу макулдашуусуна кол коюшканын энергетика министрлиги кабарлады. Сууга бай Кыргызстандын буга чейин Россия менен бирге ГЭС куруу аракети оңунан чыккан эмес. Эми коңшулар менен башталган аракет ишке ашар бекен?


10.01.2023 : www.bbc.com

источник: https://www.bbc.com/kyrgyz/articles/crgvenwkr2po?at_medium=RSS&at_campaign=KARANGA

 
Loading...

Жарыялар