Кыргызча анекдот / апенди:

Диалект
Ош-Бишкек жолунда оштуктар менен таластыктар бир машинада баратып, сөз талашып кетет экен. Бир кезде таластык айтып жатат: "Оштуктар жумуртканы 'тукум' дейсиңер, 'тукум' деген сөз кыргыз тилинде жок, ал өзбек тилинен алынган", - деп, анан тиги оштук: "Тукум' деген сөз кыргыз тилинде бар", - десе тиги таластык: "жо-ок", - деп такыр баш бербей келатканда бир маалда Суусамырдагы Таласка бурулчу жерге токтотуп, оштук айтыптыр: "Тэ-э-этиги Манас Атабыздын эстелигин көрдүңбү? Ошол жерде "Манастын тукумдары" деп жазылып турат, ошону барып, "Манас Атабыздын жумурткалары" деп өзгөртүп кой...", - деген экен.
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD89.0089.70
EUR98.0099.00
RUB0.9601.000
KZT0.13500.2000

обновление 03.01.2024 12:31:13

Алайда муз астына түшүп кеткен наристенин сөөгү туугандарына берилди

Оштун Алай районундагы Чоң-Бүлөлү айылында 22-январда алты жаштагы кыз суунун жээгинде чана тээп жүргөндө муз жарылып, астына түшүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Маалыматка караганда, ошол эле күнү жеринде куткаруучулар кыздын сөөгүн таап, жакындарына өткөрүп берген.    


23.01.2023 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/32235122.html

 
Loading...

Жарыялар