Кыргызча анекдот / апенди:

карыш жылба
Апенди кичинесинен эле шум чыгыптыр. Ага өңгөлөр эмес, өз энеси да таң калчу экен. Бир күнү энеси айылчылаганы баратып:
-Каралдым, үйгө сак бол. Эшиктен карыш жылба - дейт. Апенди үй кайтарып, эшиктин алдында отурса, мейман келип калат.
-Силер үйгө кире тургула, мен энеми чакырып келе коёюн - деп, Апенди каалганы кашегинен чыгарып алып, көтөргөн тейден жүгүрүп кетет.
-Э, ботом, бу эмнең?! - дейт энеси уулун көрө сала чочуп
-Каалганы жонуна артып алат деген эмне тамтык! Кокуй...
-Өзүң, эшиктен карыш жылба деп!.. Мына, карыш жылбай эшик менен кошо келдим - дептир анда уулу. Азимбек Матраимов
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD89.0089.70
EUR98.0099.00
RUB0.9601.000
KZT0.13500.2000

обновление 03.01.2024 12:31:13

Министр менен элчи Кыргызстан-АКШ кызматташтыгын талкуулашты

Кыргыз-америкалык кызматташтык маселеси бүгүн 1-февралда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушуусунда талкууланганын мекеменин басма сөз кызматы билдирди. “Жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, 2023-жылга карата биргелешкен пландар талкууланып, саясий, соода-экономикалык тармактардагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди”, - деп билдирди ТИМ. АКШнын Кыргызстандагы жаңы...


01.02.2023 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/32249317.html

 
Loading...

Жарыялар