карыш жылба
Апенди кичинесинен эле шум чыгыптыр. Ага өңгөлөр эмес, өз энеси да таң калчу экен. Бир күнү энеси айылчылаганы баратып:
-Каралдым, үйгө сак бол. Эшиктен карыш жылба - дейт. Апенди үй кайтарып, эшиктин алдында отурса, мейман келип калат.
-Силер үйгө кире тургула, мен энеми чакырып келе коёюн - деп, Апенди каалганы кашегинен чыгарып алып, көтөргөн тейден жүгүрүп кетет.
-Э, ботом, бу эмнең?! - дейт энеси уулун көрө сала чочуп
-Каалганы жонуна артып алат деген эмне тамтык! Кокуй...
-Өзүң, эшиктен карыш жылба деп!.. Мына, карыш жылбай эшик менен кошо келдим - дептир анда уулу. Азимбек Матраимов
Кийинки анекдот/апендини оку
Түркиядагы зилзалада кыргызстандык келин мерт болгону кабарландыТүркиянын Сирия менен чектеш Хатай провинциясында апта башындагы зилзалада Кыргызстандын бир жараны каза тапканы кабарланды. Аталган провинциянын Хатай шаарында кыргызстандык келиндин сөөгү кыйраган үйдүн урандыларынын алдынан табылганын 9-февралда Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу "Азаттыкка" билдирди. Маалыматка ылайык, 37 жаштагы кыргызстандык келин хатайлык карыяны багып, иштеп жүргөн. Карыя менен кошо аны караган келин да набыт болгонун консулдукка иш берүүчү үй-бүлө... 10.02.2023 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/32264238.html |
Loading...
|
Жарыялар |