Кыргызча анекдот / апенди:

карыш жылба
Апенди кичинесинен эле шум чыгыптыр. Ага өңгөлөр эмес, өз энеси да таң калчу экен. Бир күнү энеси айылчылаганы баратып:
-Каралдым, үйгө сак бол. Эшиктен карыш жылба - дейт. Апенди үй кайтарып, эшиктин алдында отурса, мейман келип калат.
-Силер үйгө кире тургула, мен энеми чакырып келе коёюн - деп, Апенди каалганы кашегинен чыгарып алып, көтөргөн тейден жүгүрүп кетет.
-Э, ботом, бу эмнең?! - дейт энеси уулун көрө сала чочуп
-Каалганы жонуна артып алат деген эмне тамтык! Кокуй...
-Өзүң, эшиктен карыш жылба деп!.. Мына, карыш жылбай эшик менен кошо келдим - дептир анда уулу. Азимбек Матраимов
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD88.6089.40
EUR94.5095.50
RUB0.9550.970
KZT0.14000.2050

обновление 27.04.2024 16:05:14

Кыргызстанга кирген товардын көбү Орусияга жана Беларуска кетип жатканы айтылды

Кыргызстанга кирген товардын көбү Орусияга жана Беларуска өтүп жатат. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу комитетинин жыйынында депутаттарга маалымат берип жатып өлкөнүн экономика министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов билдирди: “Өзүңөр билгендей, Орусиянын чек арасы жабылып калбадыбы. Аларга бизден кирип жатат. Биздин чек арадан катталууда, ошондуктан биздин соода жана төлөө балансыбыздан көрүнүүдө. Көбүнчө бизге келген импорттун...


28.02.2023 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/32291645.html

 
Loading...

Жарыялар