карыш жылба
Апенди кичинесинен эле шум чыгыптыр. Ага өңгөлөр эмес, өз энеси да таң калчу экен. Бир күнү энеси айылчылаганы баратып:
-Каралдым, үйгө сак бол. Эшиктен карыш жылба - дейт. Апенди үй кайтарып, эшиктин алдында отурса, мейман келип калат.
-Силер үйгө кире тургула, мен энеми чакырып келе коёюн - деп, Апенди каалганы кашегинен чыгарып алып, көтөргөн тейден жүгүрүп кетет.
-Э, ботом, бу эмнең?! - дейт энеси уулун көрө сала чочуп
-Каалганы жонуна артып алат деген эмне тамтык! Кокуй...
-Өзүң, эшиктен карыш жылба деп!.. Мына, карыш жылбай эшик менен кошо келдим - дептир анда уулу. Азимбек Матраимов
Кийинки анекдот/апендини оку
Армения Индиядан гаубица сатып алатАрмениянын расмий кабар агенттиги Арменпресстин Индиянын коргонуу изилдөө канатына таянган кабарына караганда, Армения Индиядан Каляни стратегиялык системалары тарабынан иштелип чыккан гаубицаларды сатып алат. 09.03.2023 : www.trt.net.tr источник: http://www.trt.net.tr/kyrgyz/duino/2023/03/09/armieniia-indiiadan-ghaubitsa-satyp-alat-1956876 |
Loading...
|
Жарыялар |