"Правильный" эркек
Эркектер сүйлөшүп отурушат дейт... Бирөөсү айтат: - - Жакында сыртта жамгыр төгүп жаткандыктан, үйдөн чыкпай отурсам, эшик тыкылдап жатпайбы...
- Анан? дейт тигилер
- Анан барып ачсам, көл-шал суу болгон жука көйнөкчөн бир жакшынакай кыз туруптур....
- Ии, анан?!...
- Анан аны үйгө киргизип жатпаймынбы... Тигил кыз аябай үшүп кеттим бир аз коньяктан куюп бересизби деп сурады дейт....
Тигил эркектер ого бетер кызыгып:
- Ии коньяк куюп бердиң, аны ичтиңер, анан?! деп чыдамы кетип сурашат...
- Коньякты ичкенден кийин, дагы эле жылый албай жатам, сиздин тизеңизге отурсам болобу? деп суранды деп аңгемесин улантат тиги киши...
- Болчу, тезирээк, маалкатпай, анан эмне болду?! деп жанталашып сурашат калган эркектер. Анда тигил киши:
- Ээ, жигиттер, айтты айтпады дээрсиңер, көрөсүңөр го, туптуура бир айдан кийин ошол кыз меники болот! деп коёт дейт...
Кийинки анекдот/апендини оку
Кыргызстан-Өзбекстан: быйыл соода 2 миллиард долларга чыгатКыргызстандын Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Өзбекстанда жумушчу сапарынын алкагында бир катар өнөр жай жана илимий-техникалык ишканаларга барып, кызматташтык жагын талкуулады. Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы сооданы ушул жылы эле 2 миллиард долларга жеткирүүгө даярдык бар деп жарыяланды. Акылбек Жапаровдун бул сапары Кыргызстан менен Өзбекстан отуз жылдан ашуун созулуп ырбап бүтпөй келген чек ара талашына чекит койгондон кийин болуп жатат. 10.03.2023 : www.bbc.com источник: https://www.bbc.com/kyrgyz/articles/ce5753xnp0eo?at_medium=RSS&at_campaign=KARANGA |
Loading...
|
Жарыялар |