мен баарын билем!
Бир балакай чоңдордун баарында эч кимге айтпаган бир сыры сөзсүз болот деп ойлойт да муну текшерип көргүсү келет. Апасына:
- Апа, мен баарын билем!
Көзү алая түшкөн апасы:
- Түшүндүм. Ме могу 100 сомду ал да, атаңа эч нерсе айтпа!
Кубанычы койнуна батпаган балакай атасына келет да:
- Ата, мен баарын билем!
Коркуп кеткен атасы:
- Болуптур оозуңдан сөз чыкпасын. 200 сомду ал да, апаңа айтчу болбо!
Аңгыча эшикти бирөө кагып калат. Бала эшикти ачса почтальон турат. Анда бала:
- Почтальон байке, мен эми БААРЫН билем!
Почтальон тизелей калып колдорун жая:
- Айланайыным, ырас билген болсоң, келчи атакең сени бир кучактасын!
Кийинки анекдот/апендини оку
Түркиядагы жер титирөөдөн каза болгондор 48 миңден аштыТүркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу 13-мартта өткөн айдагы зилзаланын курмандыктары 48 миңден ашканын билдирди. "Зилзалада каза болгон жарандардын саны 48 миң 448. Алардын 6 миң 660ы чет өлкөлүктөр. Дээрлик көпчүлүгү сириялыктар. Каза болгон 1 615 кишинин тек-жайы аныкталууда", - деп билдирди Сойлу. Кыргызстандын Анкарадагы элчилиги каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок экенин "Азаттыкка" кабарлады. 11-февралда Кыргызстандын бир жараны уранды алдында... 13.03.2023 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/32315318.html |
Loading...
|
Жарыялар |