карыш жылба
Апенди кичинесинен эле шум чыгыптыр. Ага өңгөлөр эмес, өз энеси да таң калчу экен. Бир күнү энеси айылчылаганы баратып:
-Каралдым, үйгө сак бол. Эшиктен карыш жылба - дейт. Апенди үй кайтарып, эшиктин алдында отурса, мейман келип калат.
-Силер үйгө кире тургула, мен энеми чакырып келе коёюн - деп, Апенди каалганы кашегинен чыгарып алып, көтөргөн тейден жүгүрүп кетет.
-Э, ботом, бу эмнең?! - дейт энеси уулун көрө сала чочуп
-Каалганы жонуна артып алат деген эмне тамтык! Кокуй...
-Өзүң, эшиктен карыш жылба деп!.. Мына, карыш жылбай эшик менен кошо келдим - дептир анда уулу. Азимбек Матраимов
Кийинки анекдот/апендини оку
Кытай пандемиялык чектөөлөрдөн кийин чет элдиктерге виза бере баштайт15-марттан тарта Кытай чет элдиктерге виза берүүнү жандантат. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги маалымдады. 2020-жылы COVID-19 илдетине байланыштуу визага чектөө киргизилген. Ошол жылдын 28-мартына чейин виза алган чет элдиктер аларды колдоно алат. Ошондой эле круиз кемелер менен саякаттагандар Шанхайга кайрадан визасыз кирсе болот. Пандемия башталганда Кытай тышкы дүйнөдөн обочолонгон, вирустун жайылышын алдын алуу үчүн катаал чектөөлөр киргизилген. Былтыр жыл этегинде расмий... 14.03.2023 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/32317264.html |
Loading...
|
Жарыялар |