мен баарын билем!
Бир балакай чоңдордун баарында эч кимге айтпаган бир сыры сөзсүз болот деп ойлойт да муну текшерип көргүсү келет. Апасына:
- Апа, мен баарын билем!
Көзү алая түшкөн апасы:
- Түшүндүм. Ме могу 100 сомду ал да, атаңа эч нерсе айтпа!
Кубанычы койнуна батпаган балакай атасына келет да:
- Ата, мен баарын билем!
Коркуп кеткен атасы:
- Болуптур оозуңдан сөз чыкпасын. 200 сомду ал да, апаңа айтчу болбо!
Аңгыча эшикти бирөө кагып калат. Бала эшикти ачса почтальон турат. Анда бала:
- Почтальон байке, мен эми БААРЫН билем!
Почтальон тизелей калып колдорун жая:
- Айланайыным, ырас билген болсоң, келчи атакең сени бир кучактасын!
Кийинки анекдот/апендини оку
Кыргызстан-Индия аскерлеринин биргелешкен машыгуусу аяктадыКыргызстандын Коргоо министрлиги 18-мартта Индиянын аскерлери менен бирге өткөргөн машыгуу аяктаганын билдирди. Ага ылайык, “Канжар-Х” де аталган машыгууга эки өлкөнүн атайын багыттагы аскер бөлүктөрү катышкан. “Машыгууда мыйзамсыз куралдуу түзүмдөрдү тоолуу шартта жок кылуу боюнча биргелешкен атайын тактикалык эпизоддорду көрсөтүштү. Биргелешкен машыгуунун планына ылайык, чабуул учурунда имараттын ичинде аман калуу техникасы боюнча практикалык сабактар өткөрүлдү”,-деп жазылган... 19.03.2023 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/32324850.html |
Loading...
|
Жарыялар |