эшек
Апенди досун үйүнө чакырып коюп, унутуп кетип калат.
Досу келсе эч ким жок экен.
Ачуусу келген досу Апендинин дарбазасына чоооо-оң кылып "ЭШЕК" деп жазып кетиптир.
Эртеси базарда экөө жолугуп калышат:
- Апенди, кечээ үйүңө барсам эч ким жок экен, - дейт.
Анда Апенди:
- Билдим сенин келгениңди. Ырас атыңды дарбазама жазып кеткен экенсиң, - деген тура. Азимбек Матраимов
Кийинки анекдот/апендини оку
Памирликтердин кыялы менен кусалыгыОоган кыргыздарынын тагдыры, кыялы менен кусалыгы жөнүндө тартылган тасманын бет ачары Прага шаарында өттү. “Үркөр, үркөр үч жылдыз, үркүп кайда барасың” деп аталган даректүү тасмада адегенде Нарынга, анан Алайга көчүрүлгөн үй-бүлөлөрдүн тарыхый журтунда баштан кечирип жаткан турмушу көрсөтүлгөн. 28.03.2023 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/32339027.html |
Loading...
|
Жарыялар |