"Правильный" эркек
Эркектер сүйлөшүп отурушат дейт... Бирөөсү айтат: - - Жакында сыртта жамгыр төгүп жаткандыктан, үйдөн чыкпай отурсам, эшик тыкылдап жатпайбы...
- Анан? дейт тигилер
- Анан барып ачсам, көл-шал суу болгон жука көйнөкчөн бир жакшынакай кыз туруптур....
- Ии, анан?!...
- Анан аны үйгө киргизип жатпаймынбы... Тигил кыз аябай үшүп кеттим бир аз коньяктан куюп бересизби деп сурады дейт....
Тигил эркектер ого бетер кызыгып:
- Ии коньяк куюп бердиң, аны ичтиңер, анан?! деп чыдамы кетип сурашат...
- Коньякты ичкенден кийин, дагы эле жылый албай жатам, сиздин тизеңизге отурсам болобу? деп суранды деп аңгемесин улантат тиги киши...
- Болчу, тезирээк, маалкатпай, анан эмне болду?! деп жанталашып сурашат калган эркектер. Анда тигил киши:
- Ээ, жигиттер, айтты айтпады дээрсиңер, көрөсүңөр го, туптуура бир айдан кийин ошол кыз меники болот! деп коёт дейт...
Кийинки анекдот/апендини оку
Нарын облусунда бир катар айылдар бириктирилетПрезидент Садыр Жапаров административдик-аймактык реформаны Нарын облусунда пилоттук режимде баштоо боюнча жарлыкка кол койду. Ага ылайык, Ак-Талаа районунда бир катар айылдар бириктирилип Ала-Бука, Кара-Бүргөн, Баетов, Тоголок-Молдо айылдары түзүлөт. Ат-Башы районунда да айылдар ирилештирилип Ат-Башы, Казыбек, Ак-Моюн, Баш-Кайыңды, Кара-Суу айылдары калат. Жумгал районунда Кызарт, Жумгал, Түгөл-Сай, Чаек, Миң-Куш айылдары түзүлөт. Кочкор районунда болсо беш айыл бириктирилип, Кочкор... 05.04.2023 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/32350609.html |
Loading...
|
Жарыялар |