Кыргызча анекдот / апенди:

"Правильный" эркек
Эркектер сүйлөшүп отурушат дейт... Бирөөсү айтат: - - Жакында сыртта жамгыр төгүп жаткандыктан, үйдөн чыкпай отурсам, эшик тыкылдап жатпайбы...
- Анан? дейт тигилер
- Анан барып ачсам, көл-шал суу болгон жука көйнөкчөн бир жакшынакай кыз туруптур....
- Ии, анан?!...
- Анан аны үйгө киргизип жатпаймынбы... Тигил кыз аябай үшүп кеттим бир аз коньяктан куюп бересизби деп сурады дейт....
Тигил эркектер ого бетер кызыгып:
- Ии коньяк куюп бердиң, аны ичтиңер, анан?! деп чыдамы кетип сурашат...
- Коньякты ичкенден кийин, дагы эле жылый албай жатам, сиздин тизеңизге отурсам болобу? деп суранды деп аңгемесин улантат тиги киши...
- Болчу, тезирээк, маалкатпай, анан эмне болду?! деп жанталашып сурашат калган эркектер. Анда тигил киши:
- Ээ, жигиттер, айтты айтпады дээрсиңер, көрөсүңөр го, туптуура бир айдан кийин ошол кыз меники болот! деп коёт дейт...

Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD88.6089.30
EUR94.4095.40
RUB0.9450.970
KZT0.14000.2050

обновление 28.04.2024 10:20:23

Мас абалда автоунаа айдаган судья кызматтан алынды

Президент Садыр Жапаров 20-апрелде жергиликтүү соттордун бир катар судьяларынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу маалымат президенттин сайтында жарыяланды. Судьялар кеңешинин сунушуна ылайык, Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы Урмат Калыбековдун, Бишкек шаардык сотунун судьясы Анара Өмүралиеванын жана Ысык-Көл облусунун административдик сотунун судьясы Жеңишбек Барынбаевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду....


20.04.2023 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/32372483.html

 
Loading...

Жарыялар