Психолог кыз
Жигит бир кафеде отуруп маңдайында отурган кыз менен кантип сүйлөшүүнүн жолдорун ойлонуп жатты. Акыры өзүнө бекем туруп кыздын жанына барып:
- Кечиресиз чоң кыз, сүйлөшүп отурсам болобу? дейт
Кыз катуу кыйкырып:
- Уяты жок десе, мен сен ойлогон кыздардан эмесмин!
Элдин баары жигитке карап, жигит аябай уялып, кызарып ордуна барып отурат.
Бир канча мүнөт өткөн соң, кыз жылмайып жанагы жигиттин жанына келип:
- Кечиресиз, мен психология бөлүмүндө окуйм, адамдардын катуу уялган учурунда кандай мамиле кылуусун изилдеп жаткамын дейт.
Аябай жаны ачышып калган жигит да кыйкырып:
- Эмне, Бир түнгө 1000 долларбы? Сен жиндисинби?
Кийинки анекдот/апендини оку
Ленин округу боюнча шайлоого эки талапкер катышуудан баш тарттыБорбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы №26 Ленин бир мандаттуу округу боюнча шайлоого эки талапкер катышуудан баш тартканын 15-майда билдирди. Алар – Асылбек Кадралиев менен Азамат Медеров. Ошентип 28-майга белгиленген шайлоодо ат салыша тургандардын саны 30га түштү. Алардын бешөө – аялдар. 10-майда БШК №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо аймагынан добуш берүүчүлөрдүн тизмеси көзөмөл иретинде такталганын, ага ылайык, 124 миң 671 шайлоочу добуш бере аларын жарыялаган. Бул аймактан... 15.05.2023 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/32412289.html |
Loading...
|
Жарыялар |