Диалект
Ош-Бишкек жолунда оштуктар менен таластыктар бир машинада баратып, сөз талашып кетет экен. Бир кезде таластык айтып жатат: "Оштуктар жумуртканы 'тукум' дейсиңер, 'тукум' деген сөз кыргыз тилинде жок, ал өзбек тилинен алынган", - деп, анан тиги оштук: "Тукум' деген сөз кыргыз тилинде бар", - десе тиги таластык: "жо-ок", - деп такыр баш бербей келатканда бир маалда Суусамырдагы Таласка бурулчу жерге токтотуп, оштук айтыптыр: "Тэ-э-этиги Манас Атабыздын эстелигин көрдүңбү? Ошол жерде "Манастын тукумдары" деп жазылып турат, ошону барып, "Манас Атабыздын жумурткалары" деп өзгөртүп кой...", - деген экен.
Кийинки анекдот/апендини оку
Канн фестивалында “Алтын пальма бутагын” Жюстин Трие алдыФранцияда Канн кинофестивалынын баш байгесин – "Алтын пальма бутагын" франциялык режиссер Жюстин Трие “Жыгылуунун траекториясы” тасмасы үчүн алды. Ал фестивалдын жабылышында сүйлөп жатып, француз президенти Эммануэль Макронду пенсиялык реформасы үчүн сынга алды. Ушуну менен 76-жолу өткөрүлгөн кинофестивалда “Кынтыксыз күндөр” тасмасында ойногон жапониялык актер Кодзи Якусё “эркектин эң мыкты ролу” сыйлыгын алды. “Аялдын мыкты ролу” байгеси түркиялык Мерве Диздарга ыйгарылды.... 28.05.2023 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/32431180.html |
Loading...
|
Жарыялар |