Психолог кыз
Жигит бир кафеде отуруп маңдайында отурган кыз менен кантип сүйлөшүүнүн жолдорун ойлонуп жатты. Акыры өзүнө бекем туруп кыздын жанына барып:
- Кечиресиз чоң кыз, сүйлөшүп отурсам болобу? дейт
Кыз катуу кыйкырып:
- Уяты жок десе, мен сен ойлогон кыздардан эмесмин!
Элдин баары жигитке карап, жигит аябай уялып, кызарып ордуна барып отурат.
Бир канча мүнөт өткөн соң, кыз жылмайып жанагы жигиттин жанына келип:
- Кечиресиз, мен психология бөлүмүндө окуйм, адамдардын катуу уялган учурунда кандай мамиле кылуусун изилдеп жаткамын дейт.
Аябай жаны ачышып калган жигит да кыйкырып:
- Эмне, Бир түнгө 1000 долларбы? Сен жиндисинби?
Кийинки анекдот/апендини оку
Бийликти басып алуу аракетиби же атайын кызматтын эскертүүсүбү?Кыргызстанда отуздан ашуун адамдын бийликти басып алууга даярдык көргөн делип УКМКга жеткирилиши апта башындагы эң чоң окуялардын бири болуп калды. 08.06.2023 : www.bbc.com источник: https://www.bbc.com/kyrgyz/articles/cxrgelq0gg4o?at_medium=RSS&at_campaign=KARANGA |
Loading...
|
Жарыялар |