Кыргызча анекдот / апенди:

"Правильный" эркек
Эркектер сүйлөшүп отурушат дейт... Бирөөсү айтат: - - Жакында сыртта жамгыр төгүп жаткандыктан, үйдөн чыкпай отурсам, эшик тыкылдап жатпайбы...
- Анан? дейт тигилер
- Анан барып ачсам, көл-шал суу болгон жука көйнөкчөн бир жакшынакай кыз туруптур....
- Ии, анан?!...
- Анан аны үйгө киргизип жатпаймынбы... Тигил кыз аябай үшүп кеттим бир аз коньяктан куюп бересизби деп сурады дейт....
Тигил эркектер ого бетер кызыгып:
- Ии коньяк куюп бердиң, аны ичтиңер, анан?! деп чыдамы кетип сурашат...
- Коньякты ичкенден кийин, дагы эле жылый албай жатам, сиздин тизеңизге отурсам болобу? деп суранды деп аңгемесин улантат тиги киши...
- Болчу, тезирээк, маалкатпай, анан эмне болду?! деп жанталашып сурашат калган эркектер. Анда тигил киши:
- Ээ, жигиттер, айтты айтпады дээрсиңер, көрөсүңөр го, туптуура бир айдан кийин ошол кыз меники болот! деп коёт дейт...

Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD88.6089.30
EUR94.4095.40
RUB0.9500.970
KZT0.14000.2050

обновление 27.04.2024 17:35:24

Пригожин Путинди "терең жаңылышты" деп айыптады

Башкы "вагнерчи" Евгений Пригожин президент Путиндин кайрылуусуна комментарий берип, Путиндин "Мекенге чыккынчылык кылды" деген сөзүн "терең жаңылыштык" деп айыптады. "Биз мекенибиздин атуулубуз, согушуп келгенбиз, дагы согушабыз. Президент же Федералдык коопсуздук комитети (ФСБ) талап кылгандай, эч ким багынып бербейт. Анткени биз өлкөнүн мындан ары коррупция, бюрократия жана калпка чулганып жашаганын каалабайбыз", - деп айтылат Пригожиндин...


24.06.2023 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/32473693.html

 
Loading...

Жарыялар