Кыргызча анекдот / апенди:

Психолог кыз
Жигит бир кафеде отуруп маңдайында отурган кыз менен кантип сүйлөшүүнүн жолдорун ойлонуп жатты. Акыры өзүнө бекем туруп кыздын жанына барып:
- Кечиресиз чоң кыз, сүйлөшүп отурсам болобу? дейт
Кыз катуу кыйкырып:
- Уяты жок десе, мен сен ойлогон кыздардан эмесмин!
Элдин баары жигитке карап, жигит аябай уялып, кызарып ордуна барып отурат.
Бир канча мүнөт өткөн соң, кыз жылмайып жанагы жигиттин жанына келип:
- Кечиресиз, мен психология бөлүмүндө окуйм, адамдардын катуу уялган учурунда кандай мамиле кылуусун изилдеп жаткамын дейт.
Аябай жаны ачышып калган жигит да кыйкырып:
- Эмне, Бир түнгө 1000 долларбы? Сен жиндисинби?
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD88.6089.50
EUR94.7095.70
RUB0.9500.970
KZT0.14000.2050

обновление 29.04.2024 07:50:16

Бишкекте үч эм төрөлдү

Бишкектеги шаардык перинаталдык борборунда 20-июнда үч эм: эки кыз, бир уул жарык дүйнөгө келди. Саламаттык сактоо министрлиги маалымдагандай, ымыркайлардын бири - 1,4 кг (уул бала), кыздардын бири 1,74 кг, экинчиси - 1,69 кг салмакта төрөлдү. "Ымыркайлар мөөнөтүнөн мурда - 33 жумасында жарык дүйнөгө келди. Алгачкы үч күн жандандыруу жана интенсивдүү терапия шартында болушту. Абалы турукташкандан кийин энесинин жанына которулушту. Учурда апасынын жанында дарылануусун улантып...


27.06.2023 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/32477797.html

 
Loading...

Жарыялар