Кыргызча анекдот / апенди:

Мен аракты таштадым
Бир адам дайыма бир барга барат экен, барганда барменден 3 бөтөлкө арак алып келдирип ичип турат экен,
Бармен бир күнү жанагы адамдан сурайт экен:
- Сиз эмнеге ар бир келгениңизде 3 бөтөлкө арактан ичесиз?
адам жооп берет экен:
- Биз 3 дос болчубуз, үчөөбүз үч тарапка кеттик, бир бөтөлкөнү өзүм үчүн, эки бөтөлкөнү да эки досум үчүн ичим жатам.

бир канча күндөн кийин, жанагы адам эки бөтөлкөдөн иче баштаптыр.
Бармен мунун бир досу өтүп кеткен турбайбы, эки бөтөлкөдөн иче баштаптыр деп ойлоп, адамдан сурайт экен:
- Аллах рахматы кылсын, бир досуңуз өтүп кеттиби?
анда адам жооп берет экен:
- Кудай сактасын, эки досум тең тирүү, мен аракты таштадым - дептир

Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD88.6089.30
EUR95.0095.60
RUB0.9500.965
KZT0.14010.2050

обновление 29.04.2024 12:30:20

Жапаров Монголия менен соода алакадагы тоскоолдук тууралуу айтты

Монголиянын Улан-Батор шаарында мамлекеттик сапар менен жүргөн Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров монгол президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен чакан жана кеңейтилген форматта сүйлөшүү жүргүздү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Жолугушууда Монголиянын президенти "тарыхый мамлекеттик сапар" деп атап, эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө дем берерин айтты. Ал Кыргызстандын президенти Монголияга акыркы жолу 21 жыл мурун келгенин белгиледи. Эки тарап...


09.07.2023 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/32495542.html

 
Loading...

Жарыялар