Кыргызча анекдот / апенди:

мен баарын билем!
Бир балакай чоңдордун баарында эч кимге айтпаган бир сыры сөзсүз болот деп ойлойт да муну текшерип көргүсү келет. Апасына:
- Апа, мен баарын билем!
Көзү алая түшкөн апасы:
- Түшүндүм. Ме могу 100 сомду ал да, атаңа эч нерсе айтпа!
Кубанычы койнуна батпаган балакай атасына келет да:
- Ата, мен баарын билем!
Коркуп кеткен атасы:
- Болуптур оозуңдан сөз чыкпасын. 200 сомду ал да, апаңа айтчу болбо!
Аңгыча эшикти бирөө кагып калат. Бала эшикти ачса почтальон турат. Анда бала:
- Почтальон байке, мен эми БААРЫН билем!
Почтальон тизелей калып колдорун жая:
- Айланайыным, ырас билген болсоң, келчи атакең сени бир кучактасын!

Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD89.1089.72
EUR96.5097.50
RUB0.9901.015
KZT0.13500.2050

обновление 29.01.2024 08:40:21

Чүйдө суу жоктугуна нааразылар акцияга чыгышты

Сокулуктагы Селекционное айылынын жана Сары-Өзөн конушунун тургундары таза суу жоктугуна нааразы болуп акция өткөрүүдө.  Бишкектин Жайыл баатыр (Түштүк магистраль) көчөсүнө чогулган элүүдөй адам төрт күндөн бери таза суунун жоктугун жана өкмөт убадалаган график аткарылбай жатканын айтууда. Алар менен жолуккан Орок айыл өкмөтүнүн башчысы Асылбек Адылбеков суу бөлүштүрүүчү жайда суу калбаганын айтты. Нааразылар маселе тез арада чечилбесе, жолду бууганга чейин бара турганын эскертүүдө....


14.07.2023 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/32503927.html

 
Loading...

Жарыялар