Кыргызча анекдот / апенди:

карыш жылба
Апенди кичинесинен эле шум чыгыптыр. Ага өңгөлөр эмес, өз энеси да таң калчу экен. Бир күнү энеси айылчылаганы баратып:
-Каралдым, үйгө сак бол. Эшиктен карыш жылба - дейт. Апенди үй кайтарып, эшиктин алдында отурса, мейман келип калат.
-Силер үйгө кире тургула, мен энеми чакырып келе коёюн - деп, Апенди каалганы кашегинен чыгарып алып, көтөргөн тейден жүгүрүп кетет.
-Э, ботом, бу эмнең?! - дейт энеси уулун көрө сала чочуп
-Каалганы жонуна артып алат деген эмне тамтык! Кокуй...
-Өзүң, эшиктен карыш жылба деп!.. Мына, карыш жылбай эшик менен кошо келдим - дептир анда уулу. Азимбек Матраимов
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD88.6089.50
EUR94.9095.90
RUB0.1380.205
KZT0.94500.9850

обновление 27.04.2024 18:20:16

“Акчабызды ала албай калдык”. Депутат аралашкан курулуш чыры

Бишкекте мамлекет салып жаткан үйлөргө туннел калыптарын жасаган түрк курулушчулары эмгек акысын ала албай жатканын айтып, укук коргоо органдарына кайрылды. Түрк жарандары Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаевдин таанышы, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Таалайбек Жакыпов курулушка ортомчулук кылганын жана акчасын бербей жатканына нааразы. Жакыпов түркиялык курулушчулар тийиштүү акчасын алганын айтып, алган милдеттенмесин аткарбай койгонун билдирди. Бул чырды учурда...


14.07.2023 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/32503860.html

 
Loading...

Жарыялар