Диалект
Ош-Бишкек жолунда оштуктар менен таластыктар бир машинада баратып, сөз талашып кетет экен. Бир кезде таластык айтып жатат: "Оштуктар жумуртканы 'тукум' дейсиңер, 'тукум' деген сөз кыргыз тилинде жок, ал өзбек тилинен алынган", - деп, анан тиги оштук: "Тукум' деген сөз кыргыз тилинде бар", - десе тиги таластык: "жо-ок", - деп такыр баш бербей келатканда бир маалда Суусамырдагы Таласка бурулчу жерге токтотуп, оштук айтыптыр: "Тэ-э-этиги Манас Атабыздын эстелигин көрдүңбү? Ошол жерде "Манастын тукумдары" деп жазылып турат, ошону барып, "Манас Атабыздын жумурткалары" деп өзгөртүп кой...", - деген экен.
Кийинки анекдот/апендини оку
Кривой Рогдо көп кабаттуу үйгө сокку урулдуОрусия Украинанын Кривой Рог шаарындагы көп кабаттуу үйгө сокку уруп, андан кеминде эки киши мерт болду. Кремль жекшембиге караган түнү Москваны бутага алган дрон чабуулдары үчүн Украинаны күнөөлөдү. 31.07.2023 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/32527871.html |
Loading...
|
Жарыялар |