Диалект
Ош-Бишкек жолунда оштуктар менен таластыктар бир машинада баратып, сөз талашып кетет экен. Бир кезде таластык айтып жатат: "Оштуктар жумуртканы 'тукум' дейсиңер, 'тукум' деген сөз кыргыз тилинде жок, ал өзбек тилинен алынган", - деп, анан тиги оштук: "Тукум' деген сөз кыргыз тилинде бар", - десе тиги таластык: "жо-ок", - деп такыр баш бербей келатканда бир маалда Суусамырдагы Таласка бурулчу жерге токтотуп, оштук айтыптыр: "Тэ-э-этиги Манас Атабыздын эстелигин көрдүңбү? Ошол жерде "Манастын тукумдары" деп жазылып турат, ошону барып, "Манас Атабыздын жумурткалары" деп өзгөртүп кой...", - деген экен.
Кийинки анекдот/апендини оку
Кытай сентябрдан тарта дрон экспортун чектейтКытай 1-сентябрдан баштап учкучсуз аппараттардын экспортуна убактылуу чектөө киргизерин билдирди. Соода министрлиги кабарлагандай, жаңы эреже улуттук коопсуздукту коргоо максатында кабыл алынды. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды. Чектөөгө ошондой эле салмагы жети килограммдан ашкан жарандык дрондор, учкучсуз аппараттардын тетиктери жана аларды чыгарууда колдонулган жабдыктар да кабылды. Чет өлкөгө дрондордун атайын лицензия алып гана жөнөтсө болот. Соода министрлигинен ырасташкандай,... 01.08.2023 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/32529640.html |
Loading...
|
Жарыялар |