"Правильный" эркек
Эркектер сүйлөшүп отурушат дейт... Бирөөсү айтат: - - Жакында сыртта жамгыр төгүп жаткандыктан, үйдөн чыкпай отурсам, эшик тыкылдап жатпайбы...
- Анан? дейт тигилер
- Анан барып ачсам, көл-шал суу болгон жука көйнөкчөн бир жакшынакай кыз туруптур....
- Ии, анан?!...
- Анан аны үйгө киргизип жатпаймынбы... Тигил кыз аябай үшүп кеттим бир аз коньяктан куюп бересизби деп сурады дейт....
Тигил эркектер ого бетер кызыгып:
- Ии коньяк куюп бердиң, аны ичтиңер, анан?! деп чыдамы кетип сурашат...
- Коньякты ичкенден кийин, дагы эле жылый албай жатам, сиздин тизеңизге отурсам болобу? деп суранды деп аңгемесин улантат тиги киши...
- Болчу, тезирээк, маалкатпай, анан эмне болду?! деп жанталашып сурашат калган эркектер. Анда тигил киши:
- Ээ, жигиттер, айтты айтпады дээрсиңер, көрөсүңөр го, туптуура бир айдан кийин ошол кыз меники болот! деп коёт дейт...
Кийинки анекдот/апендини оку
Жапония "Фукусима-1"АЭСинен чыккан сууну океанга төгөтЖапония "Фукусима-1" атомдук электр станциясынан чыккан сууну 24-августтан баштап Тынч океанга төгө баштайт. Бул тууралуу 22-августта премьер-министр Фумио Кисида кабарлады. Июль айында Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттик океанга төгүлө турган суу коопсуздук стандарттарына туура келерин жана «айлана-чөйрөгө жана адамдарга анчалык деле радиологиялык зыян келтирбестигин» айткан. Ошол эле маалда айрым мамлекеттер буга тынчсыздануусун билдирүүдө. Kyodo News басылмасы... 22.08.2023 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/32558879.html |
Loading...
|
Жарыялар |